super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда дагы бир шаар пайда болду

 

Президент Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан бүгүн, 15-октябрда билдиришти.

Мыйзам ушул жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, Гүлчө айыл аймагы райондук маанидеги шаар категориясына киргизилип, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаары деп аталды жана анын чек арасынын баяндалышы бекитилди.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: