ТИМ жарандарга АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөтүлгөнүн эскертти. Эмнени эске алуу керек?
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөтүлгөнүнө байланыштуу кыргыз жарандарына эскертүү таратты. Министрлик жарандарды миграциялык мыйзамдарды так сактоого жана мүмкүн болгон тобокелдиктерден оолак болууга чакырууда.
ТИМдин маалыматына ылайык, АКШнын федералдык иммиграциялык органдары ири шаарларда чет элдик жарандардын макамын текшерүү боюнча рейддерди жүргүзүп жатат. Мындай шартта Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кырдаалды көзөмөлдөп, жарандардын кармалышы мүмкүн болгон учурларды мониторингдеп жатат.
Кыргыз жарандарына берилген негизги кеңештер:
-
Ар дайым өздүгүңүздү тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү;
-
Макамыңыздын жарактуулугун текшерип туруу;
-
Иммиграциялык органдар менен байланышта сылык жана сабырдуу болуу;
-
Адвокат менен сүйлөшмөйүнчө эч кандай документке кол койбоо;
-
Кармалган учурда Кыргызстандын консулдук кызматтарына дароо кабар берүү.
Ыкчам байланыш номерлери:
-
Вашингтон (Элчилик): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924
-
Чикаго (Башкы консулдук): +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
-
Email:
ТИМ жарандарды АКШда мыйзамсыз жүрүүдөн алыс болууга, массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышпоого чакырат.

