Кара-Суудагы керамикалык кыш чыгаруучу завод текшерилди (видео)
Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы айылында жайгашкан керамикалык кыш чыгаруучу заводдо текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Текшерүүнүн алкагында адистер продукциянын өндүрүш процессин изилдеп, аны жалпы техникалык талаптарга ылайык талдап чыгышты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.
Сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтин талаптарына ылайык же ылайык эместиги тууралуу чечим кабыл алынат.
Кара-Суудагы керамикалык кыш чыгаруучу завод текшерилди (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:51
2025-10-15

11:12
2025-10-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.