super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

8 айлык боюнда бар аял... Айсулууну өлтүрүүгө шектелген адамдын буга чейинки кылмыштары айтылды

 

17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектелген Кумарбек аттуу жарандын буга чейинки кылмыштары тууралуу ЭлТР телеканалынын материалы чыкты. Анда шектүүнүн 2015-жылы да башка кызды өлтүрүүгө аракет кылганы айтылды.

Маалым болгондой, Кумарбек такси кызматын көрсөтүп жүргөн кезинде бир кызды жеткирип бара жатып, бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылган.

Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып Кумарбектин колун кесип жиберген. Кумарбек экөө кыйлага алышып, анан кызды башына таш менен чаап салган. Кансырап калган учурда пакет кийгизип, Ботаникалык бакка алып барып каналга ыргытып, караңгыда дагы бир ирет башына чоң ташты ыргыткан. Таш кыздын башына эмес, ийнине тийген. Кумарбек кыздын пульстарын текшерип, бир аздан кийин кетип калган. Кыз ал кеткенден кийин жолдун ары жагындагы май куюучу жайга барып, тез жардам чакырып аман калган.

2015-жылы жабырлануучу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Ал кармалып, "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" фактысы менен иш козголгон. Ал иш Октябрь райондук сотуна жөнөтүлүп, 2016-жылы ал 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилген.

Кумарбек 2018-жылы Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 20-апрелиндеги токтомунун негизинде 2 жыл 17 күн болгон өтөлбөгөн мөөнөтү менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө №12 жатак абактан бошотулган. Андан соң амнистияга илинип, эркиндикке чыгып кеткен.

Материалда шектүүнүн ага чейинки да кылмыштары тууралуу айтылган.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 13-мартында Биринчи май РИИБине Бишкек шаарындагы Раззаков көчөсү, 3 дарегинин жанында жашы 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Анда 22 жаштагы М.С. аттуу кыздын алгач зордукталып, андан соң тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бирок кылмышкер табылган эмес.

Ал эми шектүү катары кармалган Кумарбек каза болгон кызды кандайча өлтүргөнүн тергөө учурунда жеринде көрсөтүп берген.

Ошондой эле 2011-жылы 14-март күнү Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагындагы айдоо талаасында белгисиз аялдын сөөгү табылган. Ал ошол жылдын 12-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн 1989-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран экени аныкталган. Ал да зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Ошол учурда каза болгон аялдын 8 айлык боюнда болгон.

Шектүү бул кылмышы тууралуу да айтып берген.






Айсулууну өлтүрүүгө шектелген адамдын буга чейинки кылмыштары айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: