Ысык-Көлдө киши колдуу болгон Айсулуу тууралуу материалда жаңы маалыматтар айтылды (видео)
ЭлТР телеканалы 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлтүрүүгө шектелип кармалган 41 жаштагы Кумарбектин жасаган кылмыштары тууралуу материал жарыялады. Анда Айсулуу тууралуу да кенен маалымат айтылат.
27-сентябрда 12:00 чамасында Ысык-Көлдүн Жаргылчак айылынан Караколго курбусуна жолугуу үчүн жолго чыккан Айсулууну Кумарбек унаасына салып кеткени айтылат. Шектүү маркумду 12:30-13:00 чамаларында Дархан айылына жакын жердеги алма бакка алып барып, зордуктаган. Андан соң Кумарбек анын колу-бутун байлап, Жеңиш айылындагы атасынан калган эски үйгө алып барып, кайрадан зордуктоого алган.
Кумарбек Айсулууну 15:30дарда Тоң районунун Кажы-Сай айылына жакын жердеги Кош-Кара көлүнүн жанынан өлтүрүп, телефонун көлгө ыргытып жиберген. Шектүү сөөктү 18:00-19:00 аралыгында Боом капчыгайынан чыга бериштеги Кемин районунун Чолок айылына жакын жере таштаган. Өзү андан ары Бишкек шаарына жол тарткан.
Айсулуунун дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүү милицияга ошол эле күнү 18:00 чамасында келип түшкөн. Бирок бул учурда кыз Кумарбектин колунан ажал тапкан.
Кумарбек кылмыш учурунда айдап жүргөн Honda Stream унаасын биринчи ээси 10 жыл мурун саткан. Бирок унаа ошол бойдон анын атында катталуу болгон. Милиция кызматкерлери акыркы жылдардагы төлөнгөн айып пулдарды текшерген. Анда айып пулдар Кумарбектин атынан төлөнгөнү такталган. Мындан улам шектүү катары Кумарбек кармалган.
Мындан тышкары Кумарбектин колунан ажал тапкан, жана кордук көргөндөр тууралуу да маалыматтар ачыкталды.
Ысык-Көлдө киши колдуу болгон Айсулуу тууралуу иликтөөдө жаңы маалыматтар айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















