super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, мыйзам ушул жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү жана айыл өкмөттөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, эми тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала алат.

Белгилей кетсек, буга чейин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албайт болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: