Өзгөндүн Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады












Кечээ, 14-октябрь күнү Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында Ана-Кызыл айылында курулуп бүткөн жаңы мектептин абалы менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Эки кабаттуу заманбап мектеп 275 орунга ылайыкталып, бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Мектептин курамында спорт зал да каралган.
Билим уясы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка жалпысынан 160 миллион сом жумшалган. Мектеп жакынкы күндөрү толук пайдаланууга берилери пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:51
2025-10-15

11:12
2025-10-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.