super.kg logo

"Кан коё бербейт экен". Айсулууну өлтүрүүгө шектүү башка кылмыштарын дагы айтып берди

 

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган 41 жаштагы Кумарбек жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы айтылды. Бул тууралуу ЭЛТР телеканалы иликтөө жарыялады.

Ал эми кылмышка шектүү дагы бир кызды талаага алып барып зордуктап, бирок өлтүрбөй таштап кеткенин айткан. Милицияга андай арыз менен кайрылган факт катталган эмес.

Шектүү жасаган кылмыштары тууралуу апасына жана келинчегине айтып берген. Шектүү "бул маалыматтарды телевизор, социалдык тармактардан жакындарым билбесин, өзүм айтып берейин" деп камакта жолугушуу уюштуруп берүүнү суранган. Ал жакындарына дайым тынчсызданып жүргөндүгүнүн себеби ушул кылмыштары экендигин айтып, "кан коё бербейт экен, кечирип койгула" деген.

"Мен камакта өзүмдү жеңил сезип жатам. Жазамды алып, тазаланып чыгайын, кесепети балдарыма же силерге тийбесин. Мени чыкпай калат дебегиле, чыгам. Кечиргиле, токтоно албай калдым. Оор жумушта иштебе (аялына), айылга барбагыла, ал жактагы үй жакшы эмес, бул жактан бир нерсе ачып алгыла. Кабыл алгылачы. Жүрөгүңөрдү тынчтандыргыла", - деген кылмышкер.









Айсулууну өлтүргөн Кумарбек жакындарына мындан башка кылмыштарын дагы айтып берген 

Айсулууну өлтүргөн Кумарбек жакындарына мындан башка кылмыштарын дагы айтып берген 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: