"Кыргызстанда орточо айлык маяна 42 миң сомдон ашты" — Статком
2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 42 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 19,6 пайызга жогорулаган.
Эң көп өсүш төмөнкү тармактарда байкалган:
-
кыймылсыз мүлк жана курулуш;
-
саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө;
-
маалымат, байланыш жана IT;
-
финансылык кызматтар;
-
мамлекеттик башкаруу жана коргонуу;
-
мейманканалар жана ресторандар;
-
тоо-кен тармагы.
Эксперттердин айтымында, өсүшкө экономикалык жандануудан тышкары инфляция да таасир этүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.