Айсулуунун өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун киши колдуу болгон Камиланын ишине да айыпталууда
ЭлТР телеканалы 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлтүрүүгө шектелип кармалган 41 жаштагы Кумарбектин жасаган кылмыштары тууралуу материал жарыялады. Анда анын 2014-жылы Камила Дүйшөбаеванын өмүрүнүн кыйылышына да тиешеси бар экени айтылат.
Материалда Кумарбек жалпысынан 7 кылмышка тиешеси бар экени маалымдалат. 4 кыз зордукталып өлтүрүлсө, 2 кыз аман калган жана 1 кыздын жагдайы белгисиз. Шектүү милицияга белгисиз кызды зордуктап, талаага таштап кеткенин айтып берген. Бирок милицияга ал кыз тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Буга чейин Камила Дүйшөбаеванын иши Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы бар экендигин мурдагы баш прокурор Аида Салянова билдирген.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта, анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган.
Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасов кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Бирок ал үй-бүлөсү менен 2019-жылы АКШдан башпаанек таап кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2025-10-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.