super.kg logo

Талас облусу Жапония менен кызматташтыкты бекемдейт

 

Талас шаарында облус башчысы Эрмат Жумаев жана Кыргыз-Жапон адамды өнүктүрүү борборунун тең төрагасы Шинья Танака эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтык соңку жылдары жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти. Ошондой эле мындан ары бул өнөктөштүк мамиле айыл чарба, жаңы технологиялар, маалыматтык технологиялар (IT), спорт жана маданият тармактарында тереңдетилип, Талас облусунда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылары айтылды.

Эрмат Жумаев өз сөзүндө, мындай кызматташуу Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи. Ал эми Шинья Танака мырза Япония тараптан да аймактык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, эки элдин достук мамилеси мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: