super.kg logo

Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылды (фото)

 
Бүгүн, 15-октябрь күнү Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылында 50 орундуу жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ачылыш аземге агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Таза-Көмүр” ЖЧКсы тарабынан каржыланып бүткөрүлдү.
Жаңы бакча бир кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Сыртында оюн аянтчалар жана көлөкө чатырлар жайгашкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: