Аламүдүндө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип бир кыз менен бир бала кармалды



Аламүдүн районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 32 жана 37 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын июлуна чейин И.Т. атту жарандын ишеничине кирип, анын КИА, БМВ Х5 жана КИА К5 үлгүсүндөгү унааларын сатып алышканы менен, акчасын толук төлөбөй кетишкен.
Шектүүлөр унааларды жалпысынан 81 миң долларга баалашып, болгону 14 миң 500 доллар төлөп, ал эми калган акчасын белгиленген мөөнөттө төлөп берүүнү убадалашкан. Бирок белгисиз тарапка качып, жабырлануучуга жалпысынан 66 миң 500 доллар материалдык зыян келтиришкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

