super.kg logo
  Саясат  

Польша тышкы иштер министри: "Украина дагы үч жылга чейин согушууга даярданып жатат"

 

Польша тышкы иштер министри Радослав Сикорский Европа өлкөлөрүн Украинаны дагы үч жыл колдоого даяр болууга чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Анын айтымында, украин бийлигинин эсептөөсү боюнча, согуш дагы үч жылга созулушу мүмкүн.

"Украиналыктар бул согушту үч жылга пландап жатышат. Биз Путинге бул жолдон кеминде ушул үч жыл бою кайтпай турганыбызды далилдешибиз керек", — деп айтты Сикорский.

Анын айтымында, "Европаны коргоо үчүн" Украинага көбүрөөк ок-дарылар, абадан коргонуу системалары жана кыска, орто аралыкка атылуучу куралдар керек.

Ошондой эле бүгүн АКШнын коргоо министри Пит Хегсетт билдиргендей, Вашингтон НАТО өлкөлөрүн Украина үчүн көбүрөөк аскердик жардам көрсөтүүгө үндөп жатат.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, союздаштар өлкөгө азыркыга чейин 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөтүшкөн. Мындан тышкары АКШ Киевге Tomahawk үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды берүү мүмкүнчүлүгүн да караштырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: