Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы балдар корпусу ачылды














15-октябрда Бишкек шаарында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын (РКЖОО) жаңы балдар инфекциялык корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, "Ильшат" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
"Ильшат" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулуп, толук жабдылган жаңы үч кабаттуу имарат 100 керебетке эсептелген. Жалпы аянты 3647 чарчы метрди түзөт. Корпустун ичинде заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган үч балдар бөлүмү, абаны фильтрлөөчү жана желдетүү системалары орнотулган изоляцияланган бокс жана жарым бокс бөлмөлөр бар. Бейтаптар менен ата-энелеринин коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн шарттар каралып, ошондой эле медициналык кызматкерлердин натыйжалуу иштешине бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Курулуш иштери 2023-жылы "Ильшат" фонду тарабынан долбоорду акысыз каржылоо жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин башталган. Долбоордун максаты — жугуштуу оорулар менен ооруган балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.
Мындан тышкары оорукананын шашылыш медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында «Ильшат» фонду балдарды ташуу жана тез жардам көрсөтүү үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган эки "Тез жардам" унаасын тапшырды.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жаңы корпустун ачылышы балдар арасындагы жугуштуу ооруларды диагностикалоо жана дарылоонун сапатын жогорулатууга жана инфекциялык коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
