Чүйдө мыйзамсыз курулуп жаткан эс алуу жайынын курулушу токтотулду

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында башкармалык тарабынан Кемин районунун Чолок айылында жер тилкесин өз алдынча мыйзамсыз пайдалангандар аныкталды. Башкача айтканда, айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагазы жок эс алуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү маалым болду.
Текшерүү учурунда куруучу тарабынан долбоордук документтер, курулушка уруксат берүү жана макулдашуу кагаздары көрсөтүлгөн эмес.
Натыйжада, тиешелүү акт, протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга карата административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле 200 000 сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.