super.kg logo

Борбор калаада заманбап бала бакча ачылды

 

Бишкектеги Учкун конушунда жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

"Балдар биздин келечегибиз жана үмүтүбүз. Алардын бактылуу балалыгы, сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап бала бакчаларды куруп жатабыз. Бул келечек муундун өсүп-өнүгүшүнө кошкон маанилүү салым", - деп баса белгиледи калаа башчысы өз сөзүндө.

Жунушалиев имаратты кыдырып чыгып, катышуучулар менен бирге бала бакчанын аймагына көчөт отургузууга катышты.

Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага ылайыкташкан. Бала бакчада 12 тайпа бар: кенже, орто жана даярдоо.

Имараттын жалпы аянты 1908 чарчы метр, ал эми жер аянты 0,83 гектар. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекемеде музыкалык бөлмө, спорт зал, медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, коммуналдык бөлмөлөр бар. Ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары каралган.

Долбоорду Бишкек шаарынынк мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырып, подрядчы "Аргын курулуш" ЖЧКсы болгон.

Жаңы бала бакчанын ачылышы борбордун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана балдарды тарбиялоо жана окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү дагы бир кадам болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: