III өспүрүмдөр Азия оюндарына катыша турган өлкө курама командасына мамлекеттик туу тапшырылды









22-октябрдан 31-октябрга чейин Бахрейндин Манама шаарында өтө турган III өспүрүмдөр арасындагы Азия оюндарына катышуучу Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик туу тапшырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда спортчулар менен жолугушуп, курама команданын капитаны Улан Майрамбековго мамлекеттик тууну тапшырган.
Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү, оюндарга катыша турган спортчулар, машыктыруучулар, Спорт агенттигине караштуу дирекциялар менен мекемелердин жетекчилери катышкан.
Эдил Байсалов Кыргызстан эли үчүн спортчуларды Азия оюндарына узатуу чоң сыймык экенин белгилеген.
“Өлкөбүздүн мамлекеттик туусун силерге тапшырып жатып, III өспүрүмдөр Азия оюндарында силерге чоң ийгилик каалайм. Азыр биз спортчуларга алтын алып кел деп эмес, жеңиш менен келгиле деп калганбыз. Жеңиштер болсун, жеңиштер менен кайтасыңар деген чоң үмүттөбүз", - деди ал.
III өспүрүмдөр Азия оюндарына өлкө атынан 145 спортчу 18 спорттун түрү боюнча катышмакчы. Спортчулар жеңил атлетика, бокс, сууда сүзүү, таэквондо, триатлон, оор атлетика, дзюдо, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, баскетбол 3х3, жиу-житсу, муай-тай (тай бокс), велоспорт, киберспорт, футзал, ММА, кураш жана пенчак силат боюнча өлкөнүн намысын коргойт.
Белгилей кетсек, II өспүрүмдөр Азия оюндары 2013-жылы Кытайда өтүп, ага Кыргызстандын атынан 14 спортчу спорттун 6 түрү боюнча катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.