1-январдан тарта кафе-ресторандарда тейлөө үчүн кошумча акы алынбайт
1-январдан тарта кафе-ресторандарда тейлөө үчүн кошумча акы алынбайт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, коомдук тамактануу жайларына тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынды. Эми бардык кошумча чыгымдар менюда көрсөтүлгөн тамактын негизги баасына киргизилиши керек.
Ошол эле учурда акыркы төлөнө турган сумма коомчулукка жарыяланган баа тизмесинде көрсөтүлгөн суммага дал келүүгө тийиш.
Мындан тышкары мекемелер токтом күчүнө киргенче жаңы талаптарга ыңгайлашуу зарылдыгы белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-10-16
17:43
2025-10-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.