super.kg logo

BAKAI олимпиадачыларга колдоо көрсөтөт: стипендиялар VISA Infinite артыкчылыктуу картасына которулат

 

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин (КР УОК) олимпиадалык стипендияларынын сертификаттарын тапшыруу аземи салтанаттуу өттү. Үч жылдан бери программанын расмий өнөктөшү – BAKAI, ал спортчулардын ыңгайлуу жана заманбап форматта стипендия алуусун камсыздоодо.

Үч жыл аралыгында BAKAI КР УОК менен биргеликте спортчуларга ыңгайлуу каржылык шарттарды түзүп олимпиадалык стипендия алгандарга колдоо көрсөтүү программасын ишке ашырып келүүдө. Ар бир стипендиат BAKAI’дан VISA Infinite артыкчылыктуу картасын акысыз алат. Стипендиянын бардык төлөмдөрү BAKAI’дын VISA Infinite артыкчылыктуу картасына которулат. Бул программанын колдонуучуларына артыкчылыктуу тейлөө шарттарын жана банктын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүн көрүүгө шарт түзөт.

BAKAI Башкармалыгынын төрайымы Абакирова Үмүт Анарбековна олимпиадалык стипендиаттарга сертификат тапшырып жатып: «биз үчүн жаш спортчуларды жаңы бийиктиктерге жетүүгө дем берген программага катышуу чоң сыймык. Спортту колдоо – өлкөнүн келечегине салым кошуу, анын кубатына, саламаттыгына жана жеңишине салым кошуу», — деди.

Банк адамдарга спортто да, жашоодо да алдыга умтулууга дем берип, жаңы бийиктиктерди багынтууга жардам берген долбоорлорду арты-артынан ишке ашыруу менен улуттук спорттун бекемделишине, сергек жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы беделин көтөрүүгө багытталган демилгелерге активдүү катышып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: