Токмок шаарында топ болуп мушташкан окуучулар кармалды (видео)

Маалым болгондой, окуучулардын пикир келишпестиги 14-октябрда 1-кичи району менен Чүй районуна караштуу Мээнеткеч айылынын ортосундагы бош жерде орун алган. Анда тартылган видео интернет желесине тарап, кызуу талкууга түштү.
Токмок шаарынын милициясы бул окуяга катыштыгы бар эки мектептин 9-класстарынын окуучуларын тергөө кызматына жеткирди. Алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.
Токмок шаарында массалык мушташкан окуучулар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2025-10-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.