Гапар Айтиев музейинде Дооровдун "Абзац" аттуу жеке көргөзмөсү өтөт
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде 17-октябрда саат 15:00дө сүрөтчү Ислам Дооровдун "Абзац" аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Абзац" — бул Дооровдун чыгармачылык жолундагы үчүнчү жеке көргөзмө. Автордун айтымында, анын жашоосундагы жана чыгармачылыгындагы жаңы этапты белгилейт. Конокторду сүрөтчүнүн экспрессивдүү жана сюрреалисттик полотнолору менен таанышуу күтөт.
"Дооровдун сүрөттөрү терең сезимдерге, чын ыкластуулукка, күчтүү эмоцияларга жана айрым учурда ачыктыкка толгон.
Анын чыгармачылыгы сүрөт өнөрү менен гана чектелбейт — ал ырларды, аңгемелерди жазат. Аларда да ошол эле чынчылдык жана тереңдик чагылдырылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Көргөзмөнүн ачылышында сүрөтчү өзүнүн айрым чыгармаларынан окуп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:51
2025-10-14

21:10
2025-10-08

15:22
2025-10-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.