Өкмөт башчы "Жамийла" улуттук мюзиклин көрүп кайтты
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында коюлган "Жамийла" улуттук мюзиклинин спектаклине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Адылбек Касымалиев менен биргеликте мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышкан.
"Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган спектакль классикалык кыргыз адабиятынын заманбап интерпретациясы болуп саналат. "Жамийла" мюзиклинде театрдын, музыканын, бийдин элементтери айкалышып, башкы каармандардын терең сезимдерин жана башынан өткөргөн окуяларды чагылдырат. Спектакль сүйүү, берилгендик, кыргыз элинин маданий мурасы сыяктуу маанилүү темаларды козгойт", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















