Алдыдагы шайлоого канча каражат кетери айтылды
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти.
Анда шайлоого жалпы көлөмү 700 миллион сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн. Анын ичинен 382 миллион 757 миң сому шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон сатып алуулар, шайлоо участкаларын техникалык жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу жана сый акы төлөө, иш сапарлар чыгымдары жана башка уюштуруу иштерине жумшалмакчы.
Ал эми округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдары 259 миллион 243 миң сом деп беитилген. Бул сумма шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана техникалык операторлорго сый акы төлөө, иш сапарларды жана транспорттук чыгымдарды жабууга жумшалат.
Тышкы иштер министрлигинин катынын негизинде чыгымдардын жалпы суммасы 58 миллион сомду түзөт. Бул каражат шайлоо мезгилинде өлкөнүн аймагынан тышкары башка мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга багытталат.

