The Telegraph: Трамп Кытайга каршы бажы төлөмдөрүнүн эсебинен Украина үчүн "Жеңиш фондун" түзүүнү каалайт
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага колдоо көрсөтүү үчүн атайын "Жеңиш фондун"түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, бул фондду Кытайдан импорттолгон товарларга 500 пайыз жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүү жолу менен каржылоо пландалууда. Түшкөн каражаттар украин армиясы үчүн курал-жарак сатып алууга жумшалмакчы.
Трамп АКШнын финансы министри Скотт Бессентке бул пландын деталдарын иштеп чыгып, аны европалык өнөктөштөргө сунуштоону тапшырган. Бул иш-чаралар Жума күнү Украина президенти Владимир Зеленскийдин Вашингтондогу сапарынын алдында жүргүзүлүүдө.
Басылманын маалыматына караганда, бул стратегия Орусиянын президенти Владимир Путинге экономикалык кысым көрсөтүп, аны Трамп жана Зеленский менен сүйлөшүү столуна отурууга мажбурлоону көздөйт.
Буга чейин Дональд Трамп Путинди согуштук аракеттерди токтотууга чакырып, эгерде Москва тынчтыкка барбаса, жаңы санкциялар жана кысымдар болорун эскерткен. Ошондой эле ал ушул жумада Зеленский менен Украина тараптан күтүлүп жаткан чабуул жана Киевге Tomahawk ракеталарын берүү маселесин талкуулай турганын билдирген.
