super.kg logo

Израил Газага 45 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берди

 

Израил Газа секторунун саламаттыкты сактоо министрлигине 45 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, келишим түзүлгөндөн бери Газа жалпысынан 90 адамдын сөөгүн алган. Бирок алар Израилдин түрмөлөрүндө каза болгонбу же аскердик операция учурунда Израил армиясы тарабынан Газадан чыгарылып кеткендерби — азырынча так айтылган жок.

"Медициналык кызматкерлер сөөктөрдү белгиленген протоколдорго ылайык иштеп жатышат. Экспертиза жүргүзүлүп, тиешелүү документтер толтурулуп, жакындарына тапшырууга даярдалууда", — деп айтылат Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, Израил ар бир каза болгон израилдик үчүн 15 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берүүгө милдеттенген. Кечээ ХАМАС төрт израилдиктин сөөгүн өткөрүп берген.

Палестин тарап кээ бир адамдардын кайда көмүлгөнү белгисиз болгондуктан, сөөктөрдү өткөрүп берүү процесси бир аз убакытты талап кыларын эскерткен.

Буга чейин АКШ, Египет, Түркия жана Катар президенттери Египеттеги саммитте Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Сентябрдын аягында АКШ 20 пункттан турган тынчтык планын сунуштаган. Ал план барымтадагыларды алмашууну жана Газадагы жарандык инфраструктураны акырындык менен калыбына келтирүүнү камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: