super.kg logo

Окумуштуулар жакында жерде суу каптоо болушу мүмкүн экенин билдиришти 

 

Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнүн дүйнө жүзү боюнча жээктеги шаарларды жок кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Канаданын Макгилл университетинин окумуштуулары изилдеп чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, келечекте парник газдарынан улам деңиз деңгээли көтөрүлүп, жээктеги шаарлар акырындык менен суу алдында калары күтүлөт.

Изилдөөлөр боюнча Африканын, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк жана Борбордук Американын жээгиндеги шаарларда суу каптоо коркунучу жогору экени белгиленген. Эгерде деңиз деңгээли 2100-жылга чейин 20 метрге көтөрүлсө, изилдөө жүргүзүлгөн аймактагы 840 миллион имараттын 136 миллиону жабыркайт.

Аталган университеттин профессору климаттын өзгөрүшү жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү планетадагы бардык адамдарга таасирин тийгизе турганын билдирген. Ошондой эле изилдөөнүн авторлору бул маалымат ​​архитекторлор жана шаар куруучулар үчүн маанилүү маалымат экенин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: