Трамп 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун оюндарын башка шаарга жылдыруу менен коркутту
АКШ президенти Дональд Трамп 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун алдында Бостондо болгон жаңжалда жана коопсуздук маселелеринде Бостондун мэри Мишель Ву ишин туура аткарбай жатат деп нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлады.
"Эгер кимдир бирөө ишин жакшы аткарбаса жана мен коопсуздук шарттары туура эмес деп сезсем, ФИФАнын башчысы Жанни Инфантино менен байланышам да, "оюндарды башка жакка өткөрүп берели" деп айтам. Ал бул кадамды жасайт. Ал каалабаса да, оңой эле жасайт", — деди Трамп.
Октябрдын башында Бостондо Палестинадагы жаңжалга байланыштуу башаламандык чыгып, төрт полиция кызматкери жаракат алган. Бостондо Дүйнө чемпиондугунун алтыдан ашык оюнун өткөрүү пландалган.
Трамп сентябрь айында дагы футбол боюнча чемпиондуктун оюндарын "коопсуз эмес" шаарлардан башка жакка которуу мүмкүндүгүн карап жатканын айткан.
2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу— футбол боюнча 23-чемпиондук, финалдык бөлүгү июнь-июль айларында АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Финал 19-июлда пландалган. Баштапкыда турнирге 32 команда катышса, 2017-жылы ФИФА президенти Жанни Инфантино катышуучулардын санын 48ге көбөйткөнүн билдирген.
