super.kg logo

Трамп Украина чабуулга өтүүнү көздөп жатканын билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуунун алдында Вашингтон Украинага "Томагавк" ракеталарынан тышкары дагы курал берүү варианттарын карап жатканын билдирди.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Трамп бул мүмкүнчүлүктү ырастап:

"Биз Зеленский менен бул согуш тууралуу сүйлөшөбүз. Алар чабуулга өтүүнү каалап жатышат. Мен бул боюнча чечим кабыл алам. Сиздер муну билесиздер. Чечим кабыл алууга туура келет", — деди Трамп.

Октябрь айынын башында Трамп Киевге Tomahawk ракеталарын жеткирүү чечимин кабыл алганын айткан.

Ошол эле учурда Трамп Украина бул куралдарды кандай максатта колдонгусу келип жатканын сураган. Ал бул маселени Путин менен да талкуулап калышы мүмкүн экенин белгилеп, ракеталарды берүү жаңжалды күчөтүүгө алып келиши мүмкүн деп баалаган.

Пентагондун мурдагы кызматкери, аскердик аналитик Марк Кансиандын айтымында, учурда АКШда жалпысынан 4150 даана Tomahawk ракета бар. Financial Times басылмасы АКШ Украинага 20дан 50гө чейинки ракета бере турганын жазган.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин мындай жеткирүүлөр Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди олуттуу начарлатышы мүмкүн деп эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: