Кытай АКШнын бир тараптуу санкцияларына каршы чыкты
Кытай АКШнын Пекинди шылтоо кылып, мыйзамсыз бир тараптуу санкцияларды колдонушуна каршы экенин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Кытай мыйзамсыз бир тараптуу санкциялардын жана Кытайга карата экстерриториалдык юрисдикциянын ашыкча колдонулушуна каршы", — деди Цзянь.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун мүчө мамлекеттерине жазган катында Кытайдан импорттолгон товарларга 50–100 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, бул чара Украинадагы согушту токтотууга жардам берет.
Трамп кошумчалагандай, ок атышуу токтотулгандан кийин бул төлөмдөр жокко чыгарылат.
Кытайдын Соода министрлиги АКШнын мындай чектөөчү экономикалык чараларына каршы чыгып, аларды глобалдык соодага олуттуу зыян келтириши мүмкүн деп белгиледи. Өзгөчө Кытайдын Орусиядан мунай сатып алганы үчүн АКШ санкция киргизсе, бул эл аралык соода мамилелерин оорлотот деген эскертүү берилди.
