super.kg logo

Ооганстан менен Пакистан эки күнгө согуштук аракеттерин токтотушат

 

Пакистан өкмөтү менен Ооганстандагы "Талибан" кыймылы ортосундагы согуш аракеттерин 48 саатка токтотуу боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Пакистандын Тышкы иштер министрлигине таянып кабарлады.

Ок атышууну токтотуу режими бүгүн саат 18:00дөн тартып күчүнө кирип, 48 саатка созулат.

Пакистан ТИМи билдиргендей, эки тарап тең кагылышууну диалог аркылуу тынч жол менен чечүүгө умтулуп жатышат.

Макулдашууга чейин Amaj News басылмасы өз булактарына таянып, Исламабад тараптан Кабулга карай дрон менен төрт сокку жасалганын, дагы бир авиациялык сокку Кандагар провинциясына тийгенин билдирген.

Ал эми өткөн дем алыш күндөрү Кабул Пакистандын бир нече аскердик постторуна сокку урулганын жана 58 пакистандык жоокер өлтүрүлгөнүн билдирген. Бул чабуулдар Ооганстандын аба мейкиндигин кайра-кайра бузууга жооп катары жасалганы айтылган.

Пакистандын армиясы өз тарабынан 23 жоокерин жоготконун, ошол эле учурда 200дөн ашык талиб жана алар менен байланышкан террорчулар жок кылынганын жарыялаган.

15-октябрга караган түнү чек арада кайрадан кагылышуулар башталып, AFP агенттигинин маалыматы боюнча, 15тен кем эмес адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: