super.kg logo

Гиннесс китебине кирген дүйнөдөгү эң узун ысым 2 миң 253 сөздөн турат

 

Жаңы Зеландиялык Лоренс Уоткинс "дүйнөдөгү эң узун ысым" менен Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Анын толук атын окууга 20 мүнөт талап кылынат. Ошондуктан анын үлпөт тоюнда каттоочу ысымды үн менен эмес, кассетадан угузууга аргасыз болгон.

Гиннесстин маалыматына ылайык, 2253 өзгөчө сөздөн турган бул ат 2025-жылдын октябрь айында расмий тастыкталган.

Уоткинстин аты бир нече бетке жайылган юридикалык документтерде жазылган жана "жаратмандыктын жана чыдамкайлыктын чегин көрсөтүүчү өзгөчө мисал" катары бааланууда.

Идея кантип жаралган?

1965-жылы туулган Уоткинс бала чагынан тарта телевизордон рекорддор тууралуу көрсөтүүлөргө кызыгып өскөнүн айткан. Ал Гиннесстин рекорддор китебин окуп жатып, учурдагы рекордду жаңырта аларын түшүнгөн.

"Мен ар кандай рекорддорго суктанчумун: эң ылдам, эң күчтүү, эң узун тырмак же чач… Мен сыяктуу кадимки адам үчүн дүйнөдөгү эң узун атты жаратуу чыныгы мүмкүнчүлүк болду", - деди ал CNN International телеканалына берген маегинде.

Андан соң өзүнүн жашоосунда из калтырган жазуучулардан, каармандардан, шаарлардан жана досторунан шыктануу алып, сөздөрдү бириктире баштаган.

Ар бир сөз белгилүү бир символдук мааниге ээ. Уоткинстин эң жактырган бөлүктөрүнүн бири болгон "AZ2000" деген сөз айкашы Аризона штатына шилтеме берет.

Юридикалык процесс жана Гиннесстин бекитүүсү

1990-жылы, 24 жаш курагында, Уоткинс өз атын өзгөртүү үчүн сотко кайрылган. Ал китепканада иштеп жүрүп, китептерден жана досторунун сунуштарынан шыктанып, жүздөгөн сөздөрдөн турган жаңы ат түзгөн.

Башында Уоткинстин арызы өтө узун болгондуктан, "жеке идентификация чектеринен ашат" деген жүйө менен четке кагылган. Кийин ал Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот "ысымдын узундугу боюнча ачык тыюу жок" деп белгилеп, арызды канааттандырган.

Бул чечимден кийин Уоткинске жаңы паспорт, күбөлүк жана туулгандыгы тууралуу документ берилген. Электрондук системаларда техникалык өзгөртүүлөр киргизилген. Гиннесстин өкүлдөрү процессти расмий тастыктап, аны 2025-жылдагы глобалдык рекорддор тизмесине кошкон.

20 беттик ысым

Уоткинстин ысымы расмий документтерде 20 беттен ашат. Ар бири өзүнчө мааниге ээ болгон 2253 сөз камтылган. Эгер аны толугу менен басып чыгарса, А4 форматындагы беш жарым баракты ээлейт.

Мурунку рекорддон эки эсе узун болгон бул ысым жазуучулардын, илимпоздордун жана музыканттардын аттарын, адабий терминдерди жана Уоткинстин өзү ойлоп тапкан сөздөрдү камтыйт.

"Жөнөкөй нерсени – ысымды искусствонун чыгармасына жана жалпы эс-тутумга айланткым келди", - деди Уоткинс.

Социалдык тармактардагы талкуулар

Бул рекорд социалдык тармактарда тез эле талкуу жаратты.

Көптөр мындай узун ысымга ээ адам ар кандай формаларды кантип толтурат же банк эсебин кантип ачат деген ойлорун жазып жатышат. Ошондой эле "адамдын атын айтып бүткүчө бир өмүр өтүп кетет го" деген сыяктуу тамашалуу пикирлерин да калтырышууда.

Австралиялык бийлик өкүлдөрү Уоткинс күнүмдүк турмушта ысымынын бир гана бөлүгүн колдонорун, толук версиясы болсо расмий документтерде гана жазылганын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: