Сокулукта социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды








Чүйдүн Сокулук районундагы социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы Сокулуктун Гавриловка айылындагы 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу Шопоков айыл чарба кооперативине берилип кеткен. Мындан тышкары мурдагы Шопоков атындагы колхоздун балансынан жаңыдан түзүлгөн Шопоков АЧКга жалпы суммасы 5 миллион 789 миң 542 сомдук мүлктөр, клубтун имараты менен кошо өткөрүлгөн.
Ошондой эле клубтун имаратына чектеш болгон 5135 чарчы метр жер тилкесине Сокулук райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жеке менчик укугун аныктоочу мамлекеттик актысы берилген.
Бул иштерди Шопоков АЧКнын төрагасы З.У. бир катар кызмат адамдары менен байланыштарды түзүп алып жасаган. Тагыраагы, З.У. системалык негизде иш алып барып, жогоруда көрсөтүлгөн социалдык объектилерди жана ирригациялык курулмаларды мыйзамсыз өзүнүн менчигине өткөрүүсү менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ал камакка алынган.
Ал өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин моюнуна алып, Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн балансына төмөнкү мүлктөрдү өткөрүп берген. Алар: клубтун имараты 0,50 гектар жери менен, аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу.
Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, аталганн объектилердин базардык наркы 243 миллион 590 миң сомду түзөөрү такталган.
Сокулукта социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

