super.kg logo
  Спорт  

Эр-Риядда АФКнын Аткаруу комитетинин жыйыны өттү

 

Бүгүн, 16-октябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында Азия футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйында АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа уюмдун мүчө жана регионалдык ассоциацияларды колдоо саясатын дагы бир ирет ырастап, билим берүү жана өнүктүрүү демилгелери тууралуу билдирди.

Кыргызстан тараптан жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти жана АФКнын Аткаруу комитетинин мүчөсү Дастанбек Конокбаев катышты.

Жыйында "AFC Equal Pitch Programme" сыяктуу негизги билим берүү долбоорлорун улантуу чечими кабыл алынып, АФК менен УЕФАнын ортосунда машыктыруучулук квалификацияны өз ара таануу боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдер 2029-жылга чейин күчүндө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: