super.kg logo

Орбан Евробиримдиктин Украинага карата чыгымдарын сынга алды

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдик азыркыга чейин Украинага 180 миллиард евро жумшаганын жана кошумча 40 миллиард евролук жаңы жардам пакети пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Будапештте чет өлкөдөгү венгерлерге арналган форумда айткандыгын чет элдик басылмалар билдирди.

Орбан Европа бюджетинин 25 пайыз бөлүгү алдыдагы жети жыл ичинде Украинаны колдоого жумшалат деп белгилеп, бул өлкө ЕБдин мүчөсү болбосо да артыкчылыкка ээ болуп жатканын сынга алды.

Ал ошондой эле Европа Украинадагы согушту улантуу эмес, АКШнын мисалында Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүү жолун тандашы керектигин айтып чыкты. Анын пикиринде, согуш токтоп, тынчтык орносо, Европанын экономикасы үч эсе өсмөк.

Мындан мурда венгер басылмасы Magyar Nemzet жазгандай, Украина акыркы үч жылда ЕБден Венгрия 20 жылда алгандан дээрлик эки эсе көп жардам алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: