super.kg logo

Бишкекте милиция курчоого алган үч мектеп. Кооптонууга негиз жок

 

Бишкек шаарында мектеп окуучуларына коркутуу жасалгандан кийин милиция үч мектепти курчоого алып, окуучулар менен мугалимдерди эвакуациялады.

Жашыруун билдирүүлөрдүн негизинде №6, №61 мектептери жана Ак-Ордо конушундагы жалпы билим берүүчү мекемеси текшерилип, шектүү буюмдар табылган жок.

Милициянын маалыматына ылайык, коркутуу жасаган адамдын өздүгү аныкталды. Ал 2005-жылы туулган Украинанын жараны Ярослав Овсюк. Ал Орусия ИИМи тарабынан телефондук терроризмге айыпталып, эл аралык издөөдө жүрөт.

Учурда коомдук тартип көзөмөлдө, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Бишкек шаардык милициясы жарандарды тынчтыкты сактоого, жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: