super.kg logo

"Кыргызстанда эмес". ИИМ окуучуларга тараган коркутуу билдирүүлөрү боюнча үн катты

 
Бишкектеги бир катар мектептердин окуучуларына карата тараган коркутуулар кылдат түрдө текшерилүүдө. Окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын өздүгү аныкталып, ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргызстанда жүргөнү катталган эмес.
Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде милициянын кошумча күчтөрү тартылган. Айрым билим берүү мекемелери убактылуу аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Келип жаткан бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатат", - деп белгиленген маалыматта.
Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги үч мектепти милиция курчоого алып, текшергени маалымдалды. Анткени чет элдик жаран окуучуларга кол салуу боло тургандыгы боюнча жашыруун билдирүү тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: