Өзбекстанда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунда курула турган жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна расмий старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашуучу долбоорго Сауд Арабиясынын Vision Invest, Жапониянын Sojitz жана Түштүк Кореянын Incheon International Airport Corporation компаниялары өнөктөш болот.
Биринчи этабында 2,5 миллиард долларлык аэровокзал жана аэродром курулуп, долбоор ишке ашкандан кийин жаңы аэропорт жылына 20 миллион жүргүнчү жана 129 миң тонна жүк тейлейт.
Жаңы аэропорт Сингапур, Дубай жана Сеулдагы ири хабдардын үлгүсүндө курулуп, өлкөгө 27 миллиард доллардан ашуун киреше алып келери күтүлүүдө.
Мирзиёевдин айтымында, бул долбоор Өзбекстанды Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү туташтырган ири авиациялык борборго айлантат.
Учурдагы аэропорт шаардын ичинде жайгашкандыктан кеңейтүү мүмкүн эмес. Жаңы эл аралык аба майданы 1300 гектардык аймакта курулат.

