"Хан-Теңири" футбол клубунун чабуулчусу Казакстанда беттеш учурунда каза болду
"Хан-Тенгри" футбол клубунун 19 жаштагы чабуулчусу Диас Төлөу 1-лиганын беттешинде каза болду. Оюн кечээ, 16-октябрда болгон. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя "Хан-Тенгри" жана "Экибастуз" командаларынын ортосундагы 25-турдун беттешинде болгон, оюн 4:0 эсебинде аяктаган. Беттештин 64-мүнөтүндө 19 жаштагы чабуулчу эч кандай себепсиз газонго кулап түшкөн. Кийинчерээк спортчунун каза болгондугу тууралуу маалыматты Казакстандын футбол федерациясы тастыктады.
"Казакстандын футбол федерациясы "Хан-Тенгри" клубунун чабуулчусу Диас Төлөудүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды. Жаш курагына карабастан Диас футболго болгон берилүүсү жана өзгөчө таланты менен айырмаланып турчу. Анын эрте дүйнөдөн кайтышы орду толгус жоготуу. Ушул оор учурда биз анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын жана командасынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат КФФнын билдирүүсүндө.
Диас Төлөу Алматынын "Кайрат" клубунун тарбиялануучусу болгон. Учурдагы сезондо ал "Хан-Тенгри" үчүн ойноп, 25 беттешке катышып, үч гол киргизип, төрт жолу голдук пас берген.

