Nestlé 16 миң кызматкерин жумуштан бошотот
Дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчү компания Nestlé 16 миң кызмат ордун кыскарта турганын жарыялады. Бул тууралуу Axios агенттиги жазды.
Компаниянын маалыматына ылайык, мындай чечим керектөөчүлөрдүн даамдык табитинин өзгөрүшү жана арыктатууга арналган дары-дармектердин көбөйүшү менен байланыштуу. Башкы аткаруучу директор Филипп Навратилдин айтымында, бул кадам Nestlé'ни кайрадан турукташтыруу үчүн зарыл.
"Дүйнө өзгөрүп жатат, жана Nestlé бул өзгөрүүгө мурдагыдан да тез ыңгайлашуусу керек", - деди Навратил билдирүүсүндө.
Кыскартуунун алгачкы кадамына ар кайсы тармактарда жана аймактарда иштеген 12 миңден ашык кардарлар менен иштөө адистери кирет. Компания мындан ары каражатты эң келечектүү багыттарга жумшоого басым жасай турганын билдирди.
Nestle бул кадам эки жылдын ичинде ишке ашырыларын кошумчалады.

