Греция 13 сааттык жумуш күнүн мыйзамдаштырды
Греция парламенти жумуш берүүчүлөргө жумуш күнүн 13 саатка чейин узартууга уруксат берген мыйзам долбоорун жактырганын Athens News Agency басылмасы жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, "Адилет иш бардыгы үчүн" деп аталган мыйзам долбоору аталган өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан демилгеленген. Добуш берген 267 депутаттын 158и макул, калган 109у каршы болгон.
Reuters агенттиги узартылган иш күнү айына 3 күн жана жылына 37 күнгө чейин гана колдонулушу мүмкүн экенин жазды. Мыйзам долбоору ошондой эле жумушчуларды ашыкча иштөөдөн баш тартса, жумуштан бошотуудан коргойт.
Бирок мыйзамдын кабыл алынышы коомчулуктун нааразычылыгы менен коштолгон. Демонстранттар өлкөдө айлык акынын токтоп калганына жана баалардын өсүшүнө нааразы болушкан.

