Чыгырыктар жол тыгындарын азайтат
Бишкек бийлиги чыгырыктарга тыюу салууну пландап жаткан жок, бирок жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугу үчүн аны колдонууну тартипке салуу пландалууда. Бишкектин көчөлөрүндө чыгырыктар кала берет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардын транспорттук абалын жакшыртууга арналган ачык эксперттик жыйында билдирди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн так эрежелерди орнотуу зарылдыгын белгиледи.
"Биз чыгырык колдонуучулардын жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн дагы коопсуз жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек", - деди мэр.
Ал бүгүнкү күнү чыгырыктар жолдогу тыгынды азайтып жатканын баса белгиледи.
"Алар кыймылдын индивидуалдуу каражаты болуп саналат жана элдин жеке унааны колдонбостон, көздөгөн жерине жетип алышына мүмкүндүк берет", - деп жыйынтыктады Жунушалиев.
Ошондой эле жыйында, Бишкек шаарындагы велоинфраструктуранын жалпы узундугу 46 чакырымды түзүп, анын 54 пайызы тротуарларда, 7 пайызы жолдордо, калганы сейил бактарда экендиги белгиленди.



