super.kg logo

Зеленский Трамп менен жолугушуу үчүн АКШга барды 

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-октябрь күнү кечинде АКШга учуп барган. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Telegram каналына жазды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Украина лидеринин учагы Вашингтондун четиндеги Эндрюс аба күчтөрүнүн базасына конгон.

Зеленский Telegram каналында жакынкы сааттарда америкалык коргонуу компанияларынын өкүлдөрү менен жолуга турганын жана америкалык энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү менен да жолугушуусу пландалып жатканын жазган.

"Террорду жана согушту бөгөттөө аракети Жакынкы Чыгышта жакшы натыйжа бере алгандыктан биз Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга да жардам берет деп ишенебиз", - деп билдирген Зеленский.

Буга чейин белгилүү болгондой, 17-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Ак үйдө жолугушуу өткөрмөк.

Белгилей кетсек, Трамп 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: