super.kg logo

Перуда Z мууну президенттин отставкасын талап кылып көчөгө чыкты, 1 адам каза болду

 

Перу өлкөсүндө Z муунунун жаштарынын катышуусунда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. AP News маалыматына караганда, жүздөгөн адамдар жаракат алып, бир демонстрант каза болду.

Протесттер башында жаштар үчүн пенсия жана айлык маянаны жогорулатуу талабынан башталган. Кийин нааразылык жалпы түрдө өлкөдөгү кылмыштуулукка, коррупцияга жана өкмөттүн ишине каршы кыймылга айланды.

Полиция менен кагылышууда демонстранттар фейерверк колдонуп, тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана резина октор менен жооп кайтарган. Жалпы 100дөй адам жаракат алды, алардын 80и полиция кызматкери, 10у журналист экени кабарланды.

Президент Хосе Жери кызматтан кетүүдөн баш тартты. Ал каза болгон жаранга байланыштуу кайгыруу билдирип, "өлкөдө туруктуулукту сактоо – менин милдетим" деди. Ошол эле учурда өкмөт Лима шаарында өзгөчө кырдаал киргизүүгө даярданып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле Z муунунун нааразылыгы Мадагаскарда да болгон – анын жыйынтыгында өлкө президенти Андри Радзуэлина өлкөдөн качууга мажбур болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: