super.kg logo

Бишкек шаарында жаңы ротордук токтотмо ишке кирди

 

Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" базарынын аймагында экинчи ротордук токтотмо ишке берилди. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана мейкиндикти кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Саатына 25 сом. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат. Унааны киргизүү жана чыгаруу убактысы 2 мүнөттү түзөт.

"Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши шаардын борбордук аймактарында токтотмо жайларынын жетишсиздиги маселесин чечүүгө дагы бир кадам болуп, шаар тургундары үчүн токтотууну ыңгайлуу кылат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, ротордук токтомо биринчи жолу апрель айында "Орто-Сай" базарынын аймагында ишке киргизилген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: