АКШда жеңил учак кулап, үч адам каза болду

АКШнын Мичиган штатынын Бат шаарында жеңил учак кулап, үч адам каза болду. Каргашалуу окуя кечээ, 16-октябрда болгонун CBS News билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, окуя болгон жерге дароо полиция жана өрт өчүрүүчүлөр келип, учактагылардын сөөгүн алып чыгышкан. Каза болгондордун аты-жөнү жана жашы азырынча айтыла элек. Федералдык авиация башкармалыгы кырсыктын себептерин иликтеп жатат.
Окуя Capital Region эл аралык аэропортунан болжол менен 24 чакырым чыгыш тарапта болгон. Учактын учуп бараткан жери жана кырсыктын себеби белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2025-10-18
19:29
2025-10-17

13:15
2025-10-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.