super.kg logo

Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

 
Бүгүн, 17-октябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, облус башчысы Элчибек Жантаев, сот тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Заманбап имарат мамлекеттик каржылоо менен курулуп, жалпы аянты 6345 чарчы метр жер тилкесинде жайгашат. Ал эми имараттын өзү 2760 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Имаратта 50дөн ашуун бөлмө, 8 сот залы жана судьялар үчүн бардык шарттар каралган кызматтык бөлмөлөр болот.
Жаңы административдик имарат сот органдарынын ишин жакшыртууга, кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: