Кылмыш чөйрөсүндө бийиктикти эңсеген УКТ мүчөсү кармалды







Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун С.Д. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат анын чет мамлекеттердеги кылмыштуу уюмдар менен байланышы болгонун, кылмыш чөйрөсүндө “Мыйзамдагы ууру” статусуна чейин көтөрүлүүнү эңсеп жүргөнүн белгиледи.
Кармалганда андан Макаров тапанчасы жана 4,57 грамм баңгизат табылган. Табылган баңгизаттын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле алынган ок атуучу куралга жана баңгизаттарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Натыйжада шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
Кылмыш чөйрөсүндө бийиктикти эңсеген жаран кармалды

