super.kg logo
  Саясат  

Царикаев аты менен белгилүү болгон Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакыртылды (видео)

 

Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакыртылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул чакырууга бир жарандын кайрылуусу себеп болгон. Ал Таалайбековдун кызматка мыйзамдуу дайындалышын текшерүүнү суранган.

"Көпчүлүк ким жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөт деп ойлойм. Мени Муниципалдык инспекциянын башчысы катары кандай негизде дайындалганымды текшергиси келишти. Инспекцияда иштеп жатканыма бир жарым жылдай болуп калды, ушул убакытка чейин эч ким текшерген эмес. Бирок биз мыйзамдын чегинде иштей баштагандан кийин, кызматына карабай баарына протокол жазып, жогорку кызматтагы адамдарды укпай калгандан кийин мындай аракеттер башталды", - деди ал.

Царикаев анын апасынын да кызмат орду текшерилип жаткандыгын белгиледи. Ал апасы балдар үйүндө иштей тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 7-октябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Казыбек Эргешов Таалайбековдун кызматка дайындалышынын мыйзамдуулугун прокуратурадан текшерип чыгууну талап кылган.






Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакыртылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: