Орусияда курал-жарак жана ок-дарыларды өндүрүүчү заводдо жарылуу болду
Орусиянын Стерлитамак шаарындагы курал-жарак жана ок-дарыларды өндүрүүчү "Авангард" заводунда болгон жарылуудан кийин беш адам урандынын алдында калып, азыркы тапта алардын тагдыры белгисиз. Бул тууралуу чет элдтик басылмалар жазышууда.
"Ишкананын жетекчилигинин маалыматы боюнча, урандылардын астында беш адам бар. Алардын абалы азырынча белгисиз", - деп белгиленген маалыматта.
Үч адам жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди. Анын ичинен бирөө оор абалда, экинчиси орточо жаракат алган, үчүнчүсүнүн абалы жеңил деп бааланууда.
Учурда жарылуу болгон аймакта бардык тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Жарылуунун себептери тактала элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2025-10-18
19:29
2025-10-17

13:15
2025-10-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.